Ушул тапта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында көчмө сахна орнотулуп, музыка ойнотулууда. Аянтка президенттикке талапкер Садыр Жапаров келип, шайлоочуларына ыраазычылык сөзүн айтарын талапкердин штабынан "Азаттыкка" 11-январда кабарлашты. Аянтта ошондой эле айрым эстрада ырчылары концерт берери айтылды.
Буга байланыштуу Ала-Тоо аянты аркылуу өткөн Чүй проспекти 11-январда саат 13:00дөн тартып убактылуу жабыларын шаардык кайгуул-күзөт кызматы да маалымдады.
10-январда өткөн Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоодо талапкер Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алган.
Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 адам добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт.
Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.
Президенттик шайлоо менен чогуу өткөн мамлекеттик башкаруу формасын тандоо референдумундагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын.(ZKo)
Дагы караңыз
Жапаров конституциялык реформа боюнча оюн билдирдиПутин Жапаровду жеңиши менен куттуктадыАба ырайы: Тоолуу аймактарда кар жаайтТүркия Кыргызстанды шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктадыФинпол: Мамыркалиев мамлекетке 2,5 млн. сом кайтарып, үй камагына чыгарылдыАвтоматтык эсептеги добуштардын 98% саналып бүттү, кол санак уланууда Диний үй-бүлөдөгү аялга мамиленин өзгөчөлүгү«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору 19-январга чейин камакка алынды