Президенттикке талапкер Элдар Абакиров 10-январда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгы мыйзам чегинде болсо тааный турганын «Азаттыкка» билдирди:
«Коомдун азыркы абалы, жакырчылык, пандемия, экономикалык каатчылык, күзүндөгү Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгынын баары азыркы шайлоого түздөн-түз таасир этти. Албетте, майда-чүйдө мыйзам бузуу болушу мүмкүн. Бирок аны эми БШК териштирет деген ойдобуз. Эми бийликке келген күчтөр өлкөдөгү абалды оңдой турган чыныгы күрөш алдыда».
Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары чыгууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.
Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 22:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду. Элдар Абакиров алган добуш алдын-ала 0.50% деп эсептелүүдө. (BCh)
Дагы караңыз
Саат 22:00гө карата жыйынтык: шайлоочулардын 38,70% добуш берди Мадумаров референдумдун жыйынтыгын «жомок» деп атады (видео)Ысык-Көлдө балык кармаганы чыгып, чөгүп кеткен киши изделип жататИИМ: Шайлоодо «Достук» мейманканасына спортчулар жайгаштырылганы тууралуу маалымат иликтенүүдө