Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы эсепке ылайык, Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда.
Электрондук үкөктүн автоматтык эсептөөсүнө ылайык саат 20:15теги маалыматка караганда аны шайлоочулардын 75% көбүрөөгү колдоду. Андан кийин Адахан Мадумаров 6,35%) менен Бабыржан Төлбаев (2,03%) келатат .
Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда «президенттик башкарууну» колдогондор көп - 80% тегерегинде.
Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Добуштар кол менен да эсептелет.
Дагы караңыз Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобузПрезиденттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берчү кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Саат 18:00гө карата алардын 33% көбү катышты.
Референдумга:
- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы деген варианттар коюлган.
Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышууда. (SE)
Дагы караңыз
Шайназаров: Интернетте тараган чектердин бири жасалма экени аныкталдыКыргызстанда шайлоо аяктап, добуш берүү тилкелери жабылды Күндүн суугунан Оштогу № 5551 шайлоо участогу башка имаратка көчтүПрезиденттик шайлоону «өттү» деп жарыялоо пайыздык чектен көз каранды эмесМадумаров: Шайлоо таза өтпөй жатканын көрүп турабыз