Лөлү тектүү эл отурукташкан Жаңы-Кыштакта добуш берүү кызуу жүрүп жатат

Оштогу лөлү улутундагылар добуш берүүдө.

Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Кыштак (Лөлү маале деген ат менен белгилүү) айылында жайгашкан №5221 шайлоо участогунда 40% ашуун шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу шайлоо участогунун төрагасы Төлөн Кадыров билдирди.

Анын айтымында мыйзам бузуу катталган жок жана эл мурунку шайлоодо кандай жигердүү болсо, бүгүн да ошондой катышууда.

«Айылдагы тизмеде 1889 шайлоочубуз бар. Ушул учурга чейин 800дөн ашуун шайлоочу добуш берип кетти. Аппараттар бузулбай иштеп жатат», - деди Кадыров.

«Азаттыктын» кабарчысы ар бир шайлоочуга беткап таратылып, колдоруна антисептик чачылганы менен, добуш берүүчү имаратта аралык сакталган жок деп билдирди.

Ош облусу Кыргызстандагы шайлоочусу эң көп катталган аймак деп саналат жана алардын саны 722 миңден ашуун. Облус аймагындагы райондордун ичинен сап башында Кара-Суу району турат. Анда 243 миңден ашуун шайлоочу бар. (Mra/DU)