Казакстанда парламенттик шайлоо оппозициячыл талапкерлерсиз өтүп жатат

Алматыдагы Астана аянтынын жанында нааразылыкка чыккандарды полиция тосуп турат. 2021-жылдын 10-январы.

Мунайзатка бай Казакстандын жарандары 10-январда парламенттик шайлоодо добуш берүүдө. Шайлоого эч бир олуттуу оппозициячыл партия жана саясатчы талапкерлер катышкан жок. Бийликти сындаганар дал ушул шайлоо күнү нааразылык жыйын өткөрүүгө элди чакырды.

Ушундай жыйын уюштурулушу ыктымал болгон Алматы шаарында интернетке бөгөт коюлгандыгы кабардалды. Алматыдагы Астана аянтынын жанында нааразылыкка чыккандарды полиция тосуп алды.

Алматынын борбордук бөлүгүндө полиция кеминде 31 кишини камакка алды. Кармалгандардын айрымдары "шайлоого бойкот!" деп кыйкырышты.

Нур-Султан шаарында жок дегенде бир оппозициячыл партия нааразылык чара өткөрүү ниетин билдирген. Чимкент менен Нур-Султанда да кармоолор болгону кабардалды.

Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур-Отан” партиясы өлкөнү 1999-жылдан бери бийлеп келет. Бул партия парламенттин төмөнкү үйү – Мажилисте үстөмдүгүн сактап калат деп күтүлүүдө.

Андан тышкары Адал, Айыл, Ак жол жана Элдик партия парламенттеги орундар үчүн ат салышууда. Булардын бардыгы өкмөтчүл уюмдар катары таанымал. Элдик партия – мурдагы коммунисттик партия.

Өзүн оппозициячыл уюм санаган Бирдиктүү улуттук социал-демократиялык партия өлкөдө расмий катталган. Бирок 2020-жылы ноябрда бул партия парламенттик шайлоого бойкот жарыялаган.

Таңкы саат 10:00го карата шайлоочулардын болгону 12 пайызы гана шайлоо тилкелерине келип добуш бергенин өлкө БШКсы маалымдады.