БШК: Саат 14:00ге карата шайлоочулардын 18,5% добуш берди

Бишкектеги добуш берүү. 10-январь, 2021-жыл.

Саат 14:00гө карата добуш берүүгө шайлоочулардын 18,56% (661 501адам) катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктачу референдумга добуш бергендер 18,55% (661 152 адам) түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, добуш берүүнүн көрсөткүчү Ош шаарында 23,35% , Ысык-Көлдө 21,86% ашты. Нарын облусунда 20,42%, Баткен облусунда 19,77%, Жалал-Абадда 19%, Ош облусунда 18,59%, Талас облусунда 17,52%, Бишкекте 17,5% жана Чүй облусунда 15,9% тегерегинде шайлоочулар добуш берди.

Чет өлкөлөрдө да добушканалар иштеп жатат. Саат 14:00де Британиянын борбору Лондондогу элчиликке жайгашкан шайлоо тилкеси ишке кирди. Азырынча бир гана добуш берүү участогу - АКШнын баш калаасы Вашингтондогу элчиликтен орун алган добушкана ишин баштай элек.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2438, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Добушканалар эртең менен саат 8:00дө ачылган, кечки саат сегизде добуш берүү токтотулат.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. (ZKo)

Дагы караңыз

«Кызыл зонадагы» дарыгерлер менен бейтаптар добуш беришпейтБайкоочу Мамасалиева: Ошто добуш сатып алган, шайлоочуга басым кылган спортчулар пайда болду Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендер добуш берген төрт участоктун жыйынтыгы жокко чыгарылдыБишкекте кезектеги «Мыйзамдуулук үчүн!» жүрүшү өттүМаданият министри талаштуу шоуга катышкан ырчылардын ишмердигине чектөө коюларын айттыЖакартадан учкан «Boeing 737» учагынын дайыны чыга элекСадыр Жапаров: Шайлоодо ким утуп чыкса да таанышыбыз керекСооронбай Жээнбеков кайсы башкарууну тандаганын сураган журналистке «президенттик» деп жооп берди