Түптө шайлоочу үгүт материалы менен добушканага киргени аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Түп айылында бир шайлоочу үгүт материалы менен добуш берүү тилкесине киргени аныкталды. Бул тууралуу №3064 добушкананын байкоочусу участоктун төрагасына кайрылды.

Аты-жөнүн атагысы келбеген байкоочунун айтымында, факты түшкө жакын катталган.

«Мыйзам боюнча, шайлоочу добуш берүү тилкесине талапкерлерди үгүттөй турган бир да материал алып келбеши керек», - деди ал.

Түп райондук шайлоо комиссиясынын төрайымы Тинатин Алмабекованын айтымында, №3064 шайлоо тилкесине үгүт материалын алып кирген факты боюнча шайлоо тилкесиндеги төрт кызматкерден түшүнүк кат алынды.

«Бул фактыны атайын комиссия текшерип, чечим чыгат», - деди ал.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Саат 12:00гө карата президенттик шайлоого жарандардын 9,28% (330 609 адам) катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 9,23% (329 049 адам) түздү.

Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. (KS)