Мурдагы министр Шайлообек Ниязов дүйнөдөн кайтты

Шайлообек Ниязов.

Кыргызстандын медицина тармагына эмгеги сиңген дарыгер, мурдагы саламаттык сактоо министри Шайлообек Ниязов 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу өкмөттүк аппарат маалымдады. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиков баштаган бир катар мамлекеттик жетекчилердин атынан некролог жарыяланды.

Некрологдо: «Шайлообек Ниязов 1971-жылы Кыргызстандагы мамлекеттик медициналык институтту аяктап, эмгек жолун Майлы-Суудагы медициналык окуу жайында окутуучулук менен баштаган. Аталган окуу жайында жетекчи, аймактык ооруканада дарыгер болуп иштеп жүрүп, 1991-жылы Чүй облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

2000-жылдан тартып Улуттук госпиталда башкы дарыгер болуп иштеген. 2005-2007-жылдары саламаттык сактоо министри, андан кийин кайрадан Улуттук госпиталда иштеген.

Шайлообек Ниязов өз кесибине берилген мыкты адис, саламаттык сактоо тармагын реформалоодогу бир катар улуттук программаларды жигердүү иш алып барган жетекчи», деп жазылган.

Маркум саламаттык сактоо тармагындагы эмгеги үчүн «Саламаттык сактоонун отличниги», «Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери» жана мамлекеттик «Ардак грамота» менен сыйланган. (ZKo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров: Шайлоодо ким утуп чыкса да таанышыбыз керекМадумаров: Шайлоо таза өтпөй жатканын көрүп турабызСасык тумоо же коронавирус симптому бар жарандарга саат 18:00дөн кийин добуш берүү сунушталдыОшто жети шайлоо участогунда үкөк иштебей калдыТаластагы №6109 шайлоо участогунда байкоочулар менен комиссия мүчөлөрү кайым айтыштыНарын облусунда саат онго карата 3% жетпеген шайлоочу добуш бердиID карта күтүп жаткан жарандар 10-январда кечке чейин Мамкаттоого кайрылса болотСооронбай Жээнбеков кайсы башкарууну тандаганын сураган журналистке «президенттик» деп жооп бердиКоронавирус соңку бир суткада дагы 135 адамдан аныкталды, эки бейтап көз жумду