Таластагы №6109 шайлоо участогунда байкоочулар менен комиссия мүчөлөрү кайым айтышты

Сууктан улам иштебей калган үкөк. Талас шаары. 10-январь, 2021-жыл.

Таластагы №6109 шайлоо участогунда добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөк байма-бай иштебей калып жатканына байланыштуу байкоочулар нааразылык билдиришти.

Шайлоо участогунун төрайымы Багым Кыдыралиева бул техникалык мүчүлүштүктү жоюу аракети көрүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында үкөк суукка байланыштуу иштебей калып жатышы ыктымал.

№6109 шайлоо тилкеси Талас шаарындагы медициналык коллежде жайгашкан. Бул - шаардагы ири добушканалардын бири, анда 1719 адам каттоодо турат.

Жалпы облус аймагында 117 шайлоо тилкеси, 157 886 шайлоочу бар.

Облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, Таласта 500дөн ашуун милиция кызматкери тартипке көз салып жатат.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:

- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Мадумаров: Шайлоо таза өтпөй жатканын көрүп турабызID карта күтүп жаткан жарандар 10-январда кечке чейин Мамкаттоого кайрылса болотНарын облусунда саат онго карата 3% жетпеген шайлоочу добуш бердиТалапкер Жапаров: Мага эч нерсе таппай, Кытайга байлап жатышатСооронбай Жээнбеков кайсы башкарууну тандаганын сураган журналистке «президенттик» деп жооп бердиКоронавирус соңку бир суткада дагы 135 адамдан аныкталды, эки бейтап көз жумдуКыргызстанда президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталдыОоган президенти Гани талибдер менен жагымдуу маанайдагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү каалайтАКШ федералдык соту башпаана издегендерге карата Трамптын өкмөтүнүн соңку чектөө далалатына бөгөт койдуУКМК шайлоо алдында эскертүү таратты