10-январдагы президенттик шайлоо жана референдумда мыйзамсыздыктар болбосун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Айбек Бузурманкулов "Азаттыкка" билдирди. Ал Талас облусунун Көк-Токой айылындагы №6080 участогунда добуш берип жатып, мыйзамсыз иштерди болтурбоого аракеттенерин белгиледи:
«Шайлоочулар үчүн бардык шарттар түзүлдү. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мыйзамсыз иштер болбойт деп ишенебиз. Октябрдагы окуялардан эл сабак алды деп ойлойм".
Жалпы Талас облусунда 117 шайлоо тилкеси, 157 886 шайлоочу бар.
Облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, Таласта 500дөн ашуун милиция кызматкери тартипке көз салып жатат.
Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.
Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.
Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.
Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.
Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.(ZKo)
Дагы караңыз
Кыргызстандагы президенттик шайлоого жана референдумга 35 эл аралык уюмдан байкоочулар көз салуудаКыргызстанда президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталдыНарындагы Турук көмүр кенинде мыйзамсыз көмүр казылганы аныкталдыЖакартадан учкан «Boeing 737» учагынын дайыны чыга элекОоган президенти Гани талибдер менен жагымдуу маанайдагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү каалайтБеларустун ар кыл шаарларында Лукашенкого каршы чакан жүрүштөр өтүүдөИндонезияда жүргүнчү учагы кыйроого учурап, 60тай киши кырсыктадыАКШ федералдык соту башпаана издегендерге карата Трамптын өкмөтүнүн соңку чектөө далалатына бөгөт койдуУКМК шайлоо алдында эскертүү таратты