Индонезиянын “Sriwijaya Air” аба жолдору компаниясынын Boeing-737 жүргүнчү учагы 9-январда Жакарта шаарынын аба майданынан учуп чыккан соң, деңизге кулап түштү.
Дагы караңыз Жакартадан учкан "Boeing 737" учагы дайынсыз болуудаБортто 50 киши (53 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү) болгон деп алдын ала маалымдалган эле. Башка бир кабарга караганда, анда 50 жүргүнчү, 12 экипаж мүчөсү болгон.
This is what we know about Sriwijaya Air flight #SJ182 based on ADS-B data.Route: Jakarta to PontianakCallsign: SJY182Aircraft: Boeing 737-500, PK-CLCTake off: 07:36 UTCHighest altitude: 10,900 feetLast altitude: 250 feetSignal lost: 07:40 UTChttps://t.co/fNZqlIR2dz pic.twitter.com/CPzFJdsuJZ
— Flightradar24 (@flightradar24) January 9, 2021
Аба каттамдары тууралуу маалыматтарды чогулткан “FlightRadar24” кызматынын маалымдашынча, бул учак бир мүнөт ичинде эле 3 миң метрден көбүрөөк аралыкка төмөндү карай шукшурулуп түшкөн.
Учактын кыйроого дуушарлангандыгы жөнүндө Индонезиянын транспорт министри Буди Кариа Сумал тастыктады. Болжолдуу суу мейкиндигинде издөө иштери улантылууда. Деңизде суучулдар тарабынан кандайдыр-бир сыныктар табылды, бирок ал сыныктар ушул учакка таандык экендиги азырынча белгисиз.
Жүргүнчү учак Жакарта шаарындагы Сукарно-Хатта аба майданына Борнео аралындагы Понтианак шаарына учуп чыккан болчу.
Кулап түшкөн учак 26 жылдан бери жүргүнчүлөрдү тейлеп жүргөн. 2012-жылга чейин аны америкалык “Юнайтед” жана “Континентал” аба жолдору компаниялары колдонуп келишкен. (TT)