Ооганстанда Юсуф Рашиддин өлүмүнө шектелген үч киши кармалды

Ооганстандагы акыркы чабуулдардын биринен кийинки көрүнүш. 2020-жылдын 22-декабры.

Ооганстандын укук коргоо органдары Ооганстандагы эркин жана калыс шайлоо фондунун башчысы Юсуф Рашиддин өлүмүнө байланыштуу үч шектүүнү кармады.

Кабул полициясынын расмий өкүлү Фердоус Фарамарц 9-январда кармалгандар тууралуу айтып жатып, алардын аты-жөнүн жана кайсы бир топторго тиешеси бар-жогун тактаган жок.

Ооганстанда шайлоолорго көз салган өз алдынча топтун башчысы Юсуф Рашид 2020-жылы 23-декабрда эртең менен Кабулда белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө эч ким жоопкерчилик алган эмес.

24-декабрда кечке жуук Каписа провинциясындагы Дахно айылында аялдардын укуктарын коргогон активист Фрешта Кухистани да киши колдуу болгон. Аны мотоциклчен белгисиз адамдар атып кетишкен.

Кийинки айларда Ооганстанда саясатчыларга, журналисттерге жана жарандык активисттерге каршы чабуулдар күчөдү. Кол салуудан бир нече журналист, белгилүү ишкерлер каза болду.