COVID-19: Кытайда чектөөлөр күчөтүлдү

Кытайдын Гуанчжоу провинциясынын аэропортунда коронавирустан коргоочу каражаттарды кийип отурган балдар.

Кытайдын Хэбей провинциясында 51 адамдан коронавирус табылганына байланыштуу бийлик 7-январда чектөөлөрдү күчөттү. Провинцияга кирип-чыгуу чектелди.

Жергиликтүү бийлик айдоочулардан жапырт анализ алып, шаардын башкы темир жол бекетин жапты. Жалпысынан Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны 63 кишиге жетти. Бул 30-июлдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Коронавирус алгач тараган Кытайда бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 4600дөн ашат.

Дагы караңыз

COVID-19: Мутацияланган вирус шайды оодардыТажикстанда коронавирустун масштабы бүдөмүк

Мексикада соңку бир суткада коронавирус миңден көп адамдын өмүрүн алды. Жапон баш калаасы Токиодо жана анын тегерек-четиндеги аймактарда оорунун жайылышын ооздуктоо максатында өзгөчө кырдаал режими жарыяланары күтүлүп жатат.

Жапонияда пандемия башталганы бул илдеттен үч миңден көп киши көз жумду. Австралия коронавируска каршы эмдөөнү баштаганы турат.