Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда православдар бүгүн, 7-январда Иса пайгамбардын туулган күнүн (Рождество) майрамдашат.
Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусиядагы, Болгариядагы, Сербиядагы жана бир катар өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, католиктер Юлиан календары менен 25-декабрда өткөрүшөт.
Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.
Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары кызыл менен белгиленген.
Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө ушул тапта православ, католик багытындагы 50дөн ашык диний мекеме иш жүргүзөт.
Дагы караңыз
АКШдагы элчилик кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын сактоого чакырдыКапитолийдеги окуя боюнча Байден билдирүү жасадыКапитолийдеги окуя учурунда бир адамга ок тийгени кабарлануудаТрамптын тарапташтары Капитолийге кирип барыштыМамытканов: Шайлоо өнөктүгүнө эл аралык байкоочулар көз салуудаАКШда Трамптын тарапкерлери Капитолийге кирип барышты