Мамытканов: Шайлоо өнөктүгүнө эл аралык байкоочулар көз салууда

Максат Мамытканов.

Кыргызстанда алдыдагы президенттик шайлоого көз салуу максатында чет мамлекеттерден 315 байкоочу катталды.

6-январда байкоочуларды каттоо аяктады. Бул тууралуу президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектеген вице-премьер-министр Максат Мамытканов 6-январда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасына катышкан учурда билдирди.

Анын айтымында, 38 уюмдун өкүлдөрү да шайлоого байкоо жүргүзүш үчүн каттоодон өттү.

«Биздин шайлоону абдан кунт коюп карап, баамдайлы деп атышат. Биз президенттик шайлоо менен катар башкаруу системасын өзгөртүү боюнча референдум өткөрүп атабыз да. Ошон үчүн биз кайсы жолду тандайбыз, баары аябай карап турушат», - деди Мамытканов.

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-январга карата 30дан ашуун эл аралык уюмдан, 44 өлкөдөн 400гө чукул байкоочу расмий катталганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, катталгандырдын басымдуу бөлүгүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жана Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) парламент аралык ассамблеясынын байкоочулары түзөт.

«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасы алдыдагы президенттик шайлоого карата даярдыкты талкуулады. Анын айрым катышуучулары үгүт жүргүзүүдө мыйзам бузулуп, талапкерлер шайлоо башталбай жатып психологиялык жактан жеңилгендей абалда калганын жана өздөрүн көрсөтө албай жатканын айтышты.

Мындай пикирлерге вице-премьер Максат Мамытканов «өкмөт тараптан талапкерлерге бут тосуу жок» деп жооп кайтарды. Шайлоо таза, калыс өткөрүлөт деген убада аткарыла турганын маалымдады.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө 6-январга чейин мыйзам бузуу боюнча 50 факты катталды. Анын 15и Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине түшүп, териштирүү жүрүп жатат. Ал эми 35и тастыкталбагандыктан мыйзам бузуу жок деп табылган.

5-январда «Жалпы иш» коомдук фонду президенттикке ат салышып жаткан айрым талапкерлер мыйзам бузганын, 53 факты бар экенин билдирген. Анын 31и административдик ресурсту колдонууга, 15и добуштарды сатып алууга жана жетөө басым көрсөтүүгө байланыштуу. Арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынын координациялык тобуна жөнөтүлгөн. (NT)

Дагы караңыз

АКШдагы элчилик кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын сактоого чакырдыЭлТР каналы «Азаттыктын» телепрограммаларын көрсөтүү боюнча келишимди бир тараптуу токтотту Куудулдар Жалал-Абаддагы концертине тыюу салынганын айтып чыгыштыОрусияда жол эрежесин бузган чет элдик айдоочулардын көбүн борборазиялыктар түзөт