Журналисттерге кол салуу боюнча иш кайрадан тергелет

Манас Алмаматов, Достук Жолдошов жана Нурбек Исмаилов.

6-январда Ош шаардык соту 4-октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда «Клооптун» журналисттерине кол салууга байланышкан эки фактыны карады. Шаардык милиция журналисттер «жабыркаган эмес» деп кыскартып койгон ишти сот кайрадан тергөөгө жөнөттү. 

«Клооп» журналисттерге шайлоо учурунда кол салгандардын бири «Биримдиктин» шаардык кеңешке депутат болууга талапкери, экинчиси Ош эл аралык аэропортунун кызматкери экенин иликтеп чыкты.

Ош шаарында 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Клооптун» оператору Хамидулло Узаковго жана журналисти Айбике Адилет кызына белгисиз кишилер кол салган. Алар Узаковго эки ирет кол салып, түз эфир жүргүзүп жаткан телефонун тартып алышкан. Журналисттер ошол эле күнү милицияга арыз жазып, аларга кол салгандардын бири «Ош-Тазалык» ишканасынын кызматкери экенин аныкташкан.

Журналисттерге кол салуу болгон шайлоо участкасы. 4-октябрь, 2020-жыл.

Шаардык милиция «Клооптун» эки кызматкери жазган арыздарды эки бөлөк карап, бирөөнү бир ай мурун, экинчисин 31-декабрда кыскартып койгон. Мындан улам «Клооп» шаардык милициянын үстүнөн арыз жазып прокуратурага кайрылган.

«Клооптун» кызматкерлеринин жактоочусу Мухаё Абудраупова 6-январда сот отуруму болуп, иш кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөнүн «Азаттыкка» кабарлады.

Мухаё Абудраупова.

«Тергөөчү "аныкталган жок, такталган жок" деп эле кыскартып жатканы мыйзамга туура келбейт деп айттым. Прокурор да менин айткандарыма кошулуп, "ишти кыскартып, бүгүн тергөөгө кайра жөнөткөнгө мүмкүнчүлүгүм бар, ошону кылып берем" деп айтты. Эми прокуратура токтомдорду бузуп, ишти кайра тергөөгө кайтарат».

Абудраупова тергөөчү кол салуу, тоноо беренелерин козгобой, ишти үстүртөн караганын кошумчалады.

Ал эми шаардык милиция журналисттердин денесине жаракат келбегендиктен тергөө кыскарганын айтууда. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков буларды айтты:

Замир Сыдыков.

«Соттун чечими чыга турган болсо, шаардык тергөө тобу кайрадан карап чыгат. Ошол эле мезгилде жабырлануучу тарап, тергөө ишинин сапатсыздыгына жана тергөөчүнүн өзүнүн кызматтык милдетине шалаакы мамиле жасагандыгы тууралуу да билдирген. Чындап эле тергөөчү кандайдыр бир чекиликтерди кетирип, сапатсыз тергесе, башкармалыктын жетекчилиги, ички иликтөө кызматы тиешелүү текшерүүнү жүргүзөт деп ойлойм».

«Биримдикке» иштеген спортчулар

«Клооп» басылмасы өз алдынча иликтөө жүргүзүп, кол салгандардын өздүгүн тактаган. Алардын бири «Ош-Тазалык» ишканасына караган полигондун башчысы Достук Жолдошов жана Ош аэропортунун кызматкери Манас Алмаматов болуп чыккан. Экөө тең грэпплинг менен машыккан спорчулар экени белгилүү болгон.

Басылманын редактору Элвира Султанмурат кызы окуя болгон күндөн тартып милиция кайдыгер мамиле кылганын, ошондуктан редакция өз алдынча иликтөө жасаганын айтты:

Элвира Султанмурат кызы.

«Иликтөөдө бизге кол салган кишилер мамлекеттик кызматкер экенин аныктадык. Ошол эле учурда алардын бири "Биримдиктин" өкүлү болгонун тастыктадык. Ал мамлекеттик кызматта туруп "Биримдик" үчүн иштегенин жана тергөөдө жалган көрсөтмө бергенин аныктадык».

Мындан сырткары "Клооптун" иликтөөсүндө Узаковго кол салган Жолдошовду «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов машыктырып, өзү иштеген ишканага жумушка киргизгени жөнүндө айтылат.

Исмаилов менен байланышканыбызда Достук Жолдошовду журналисттерге кол салганы үчүн иштен алганын кабарлады.

Нурбек Исмаилов.

«"Биримдиктин" өкүлү болуп жүрөт" дегенинен, эскертүү берип, берене менен иштен айдайын десем, өз каалоосу менен иштен кетти. "Сен эмнеге журналисттерге кол көтөрөсүң?", - деп сурасам "кол көтөргөн эмесмин" деген».

Нурбек Исмаилов өзү да буга чейин 2017-жылы президенттик шайлоодо бир нече журналистке кол салып, кагып-сөгүп, алардын ишине тоскоолдук жараткан. Исмаилов азыркы күнгө чейин журналисттерге кол көтөргөнүн четке кагып келет.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматында 2020-жыл ичинде журналистерге кол салган факт «Клооптун» эки кызматкеринен гана түшкөн.