Лондон соту Ассанжды күрөө менен бошотуудан баш тартты

Жулиан Ассанж.

Лондондун соту «ВикиЛикс» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды күрөө менен эркиндикке чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке какты. Бул тууралуу британ маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ассанж АКШнын экстрадициялоо боюнча апелляциялык арызы каралганга чейин камакта болот. Анын адвокаттары Жулиан Ассанжды күрөөгө бошотууну суранып, эркиндикте эч жакка качып кетпей турганын билдирген.

4-январда британиялык сот «ВикиЛикс» сайтынын негиздөөчүсүн АКШга экстрадициялоо тууралуу өтүнүчтү четке каккан. Сот Ассанжды АКШга өткөрүү анын психикалык саламаттыгына залакасын тийгизет деп чечкен.

Кошмо Штаттарда 49 жаштагы Жулиан Ассанж тыңчылык жана компьютерди мыйзамга каршы колдонуу үчүн айыпташууда.

Ал «ВикиЛикс» интернет-барагы аркылуу 2010-жылы АКШнын жашыруун аскердик материалдарын жарыялап, америкалык жоокерлердин Ирак менен Ооганстандагы айрым жосунсуз жоруктарын ашкерелеген.

Ассанж 2012-жылдан тартып Эквадордун Лондон шаарындагы элчилигинде башпаанек таап келген. Акыры ал Эквадордун бийлиги менен тил табышпай калганда элчиликтен чыгарылган жана 2019-жылы 11-апрелде британ полициясы аны кармаган. Ошондон бери аны АКШга өткөрүп берүү маселеси боюнча сот уланып келет.

Дагы караңыз

Ош шаарынын жарымында эки күндөн бери газ жокПрезиденттик шайлоого даярдыкКуудул Рахман Разыков «Үч пахан» аттуу интермедиядан кийин УКМКга чакырылганын билдирдиОрусияда жол эрежесин бузган чет элдик айдоочулардын көбүн борборазиялыктар түзөтЭлТР каналы «Азаттыктын» телепрограммаларын көрсөтүү боюнча келишимди бир тараптуу токтотту