Быйыл Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандагы аймактык ребрендингге басым жасоону пландап жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» министр Нуржигит Кадырбеков билдирди:
«Айгүл гүлүнө же өрүккө байланыштырып «Кыргыз сакурасы» деген аталышта Баткенди, «Жайдагы жаз» же «Кеч келген көктөм» деп Нарынды даңазалоо, туристтерди чакыруу пландары иштелип чыгууда».
Министр Кадырбеков кошумчалагандай, каражат маселесин чечиш үчүн грант, инвестор жана демөөрчү издөө иштери жүрүп жатат жана бул багытта айрым жетишкендиктер бар. Ага Дүйнөлүк банктын грантына Ысык-Көлдүн жээгинде беш туристтик сервис борборун куруу, тарыхый жайлары абдан көп Ошко да миллиондогон каражат тартуу долбоорлору мисал боло алат. (SE)