Шайлоого карата 3 564 бюллетень кошумча чыгарылды

Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Ош шаарындагы добушкана. Архивдик сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январдагы добуш берүүгө 3 564 бюллетень кошумча чыгарылганын билдирди.

Мыйзамга ылайык, бюллетендер добуш берүүчүлөрдүн санынан 0,1% көбүрөөк басылышы керек. Бул тиешелүү кагаз керектен чыгып калган же бузулуп калган учурлар үчүн эске алынган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына караганда, 10-январда боло турган президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга 3 567 138 бюллетень даярдалды.

«Бюллетендердин саны так ушул соңку тизмеге ылайык чыгарылды, - деди ал. - Президентти шайлоо үчүн өзүнчө ак түстө, референдум үчүн өзүнчө көгүш түстө чыгарылды. Ошондо ар бир добуш бериш үчүн өз-өзүнчө 3 567 138ден бюллетень басылды».

Алдыдагы президенттик шайлоого жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга карата бюллетендер аймактарга жана чет жактагы добушканаларга 2-январда жиберилген.

Президенттик кезексиз шайлоо менен кошо башкаруу формасын аныктоочу референдум 10-январда өтөт. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда. (ZKo)

Дагы караңыз

Өкмөт бюджетти колдоого элден түшө турган акча үчүн атайын эсеп ачууну көздөп жататПандемия ички туризмге көңүл бурууну эстетти Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш иши Жогорку сотто кайра каралатБеларус: бийликтин «буюртмасын» ашкерелеген аудиоКыргызстанда жумушсуздук күчөдүБШК талапкер Садыр Жапаровго эскертүү берүү жөнүндө сунушту четке кактыCOVID-19: Германия жалпы карантинди 31-январга чейин узартып, Британиянын жолуна түштүБишкек абасы эң кир деген шаарлардын рейтингинде сап башынан түшө элекАКШнын Жоржия штатында Сенатка шайлоонун экинчи айлампасы үчүн добуш бериле баштады