Сеул Иран кармап кеткен танкерди бошотуш үчүн делегациясын жиберет

Түштүк Кореянын танкери.

Түштүк Корея Ормуз кысыгында кармалган кемесин бошотууну талкуулаш үчүн Иранга өкмөттүк делегациясын жөнөткөнү жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы 5-январда Сеулдагы басма сөз жыйынында билдирди. Мурунку күнү Тегеран Иран революциясынын сакчылары корпусунун деңиз күчтөрү Түштүк Кореянын туусу астында сүзүп жүргөн мунай танкеринин 20 кишиден турган экипажын кармаганын маалымдаган. Кабарга караганда, «MT Hankuk Chemi» деген кеме «мунай менен деңизди булгаган» деген себеп менен токтотулган. Кемени иштеткен оператор бул дооматты четке какты. Танкер Сауд Арабиясынан Бириккен Араб Эмираттарына бараткан.

Кореянын тышкы саясий мекемесинин өкүлү ошондой эле министрдин орун басары мурда пландалгандай эле эмки жумада Тегеранга барарын айтты. Иран АКШнын санкцияларына ылайык Түштүк Кореянын банктарында камалып турган миллиарддаган доллар каражатты бошотууну көздөп жатат.

Ислам Республикасынын бийлиги «танкерди кармоо аны барымтага алууга тете» деген дооматты четке какты.

Ага чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти кемени дароо бошотууга үндөп, Иран Перс булуңундагы «эркин навигация укугуна» коркунуч жаратып жатканын билдирген.

Бул окуя чөлкөмдөгү чыңалуу күчөп жаткан кезде болду. Бир жыл мурун Багдаддын жанында америкалык дрондун соккусунан ирандык таасирдүү генерал Касем Сулеймани курман болгон. Бир жылдыкты утурлай АКШ Перс булуңуна суу астында сүзүүчү өзөктүк кемесин жөнөткөн, америкалык согуштук учактар аймакты айланып чыккан.