Өзбекстан насыбай сатууга тыюу салууну көздөйт

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда насыбай сатууга тыюу салуу сунушталып жатат. Мындай чара Алкоголь жана тамеки рыногун тескөө агенттигинин мыйзам долбоорунда каралган. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, документ министрлер кабинетинин кароосуна берилди.

Министрлик колго жасалган насыбай чегүү калктын саламаттыгына, өлкө экономикасына зыян тийгизип жатканын белгиледи. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, өзбекстандык 13-15 жаштагы өспүрүмдөрдүн 6% насыбай чегет. Кыргызстанда бул көрсөткүч 5,1%, Тажикстанда - 1,8, Казакстанда - 0,6, Түркмөнстанда - 0,2% түзөт.