6-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй дубанында түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8;
Талас жергесинде түнкүсүн -14...-16, күндүз 0…-5;
Баткен облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -8…-13;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -27…-32, күндүз -8…-13 градус болот.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -15…-17 күндүз -6…-8 градус болот.