БШК: Президенттикке талапкерлердин эсебине жалпысынан 114 миллион сом чогулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин шайлоо эсебине жалпысынан 114 миллион сом чогулуп, анын 105 миллиону сарпталды. Бул тууралуу 4-январда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлады.

Мекеменин 31-декабрга карата маалыматына караганда, эң көп каражат талапкер Садыр Жапаровдун эсебине чогулду. Ал 62 миллион сомдун 57 миллионун сарптады.

Эң аз каражат талапкер Арстанбек Мыктыбекте. Ал 1 миллион 117 миң сомдун 1 миллион 115 миңин коротту.

Былтыр октябрь айында Кыргызстанда бийлик алмашып, алты жылдык президенттик мөөнөтүнүн жарымын өтөгөн Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып берген. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Президенттикке аттанарын 65 адам билдирген. Алардын 18и талапкер болуп расмий катталып, бирөө кийин жарыштан өз каалоосу менен чыккан.(RK)