ИИМ: Түштүк жергесиндеги милиция менен шайлоо күнкү коомдук коопсуздукка даярдык талкуулады

Сүйүн Өмүрзаков.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош шаардык, Ош жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилиги жана өздүк курамы менен жыйын өткөрүп, шайлоого даярдыкты талкуулады. ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева 5-январда кабарлагандай, жыйында үгүт иштери учурунда да, добуш берүү күнү да коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга карата даярдык тууралуу сөз болду.

«Сүйүн Өмүрзаков коомдук коопсуздукту өзгөчө жогорку деңгээлде көзөмөлдөөнү, мыйзамдуулукту сактап, кызматтык тартипти бузбоону талап кылды. Милициянын жетекчилик курамына шайлоо тилкелеринде күзөттү күчөтүү жана ар кандай тартип бузуу болсо өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чара көрүү керек экенин да белгилеп, коомдук тартиптин сакталышы боюнча кошумча тапшырмаларды белгиледи», - деди ал.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт. Президенттикке 17 талапкер ат салышууда. (RK)