10-январдагы президенттик шайлоо менен референдумду утурлай, Кыргызстанда милиция 8-январдан тартып күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Ага ылайык, 11 миңден ашуун милиционер коомдук тартипти сактайт. 5000 ашуун милиция кызматкери шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөйт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 4-январда шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдык боюнча онлайн жыйын учурунда билдирди.
Министр шайлоо өнөктүгүнүн учурунда коомдук тартиптин сакталышы, мыйзамдуулукту сактоо жана түрдүү тартип бузууга мыйзам чегинде ыкчам чара көрүү зарыл экенин белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди. Мекеменин басма сөз кызматы учурда жалпы милиция кызматкерлери президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылууга толугу менен даяр экенин кабарлады.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, өлкөдө бийлик жана өкмөттүн курамы алмашкан. Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин ордуна Улан Ниязбеков дайындалган. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып бергендиктен, 10-январга мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалган. Мамлекет башчынын ордуна учурда 17 талапкер ат салышууда.
10-январь күнү президенттик шайлоо менен кошо Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум да болот. (ZKo)
Дагы караңыз
Бишкекте коомдук автоунааларга видеокөзөмөл орнотулдуКоронавирус кризисинде Кыргызстанда ар бир кожолукта бери дегенде бир адам жумушсуз калдыПентагондун мурдагы жетекчилери өткөөл мезгилге аскерлердин кийлигишүүсүнүн алдын алууга чакырыштыШайлоо-2021: Брайл шрифти менен 4 948 бюллетень даярдалдыБШК: Кара-Суудагы опузалоо боюнча териштирүү жүрүп жататСоңку бир суткада 83 кишиге коронавирус жугуп, бир бейтап көз жумдуБритания соту «ВикиЛикстин» негиздөөчүсү Ассанжды АКШга өткөрүү боюнча чечим чыгармакчыЖапыкеев: ЖЭБге Кара-Кеченин көмүрү туура келбейтПрезиденттин басма сөз кызматы «Мыйзамдуулук үчүн» жүрүшүндө айтылгандарды төгүндөдүАлмазбек Атамбаев жаңы жылдын алдында №47 колонияга которулду