Коронавирус кризисинде Кыргызстанда ар бир кожолукта бери дегенде бир адам жумушсуз калды

Ош шаарында тартылган сүрөт. 2020-жыл, июнь.

Кыргызстанда коронавирус кризисинде ар бир кожолукта бери дегенде бир адам жумушсуз калды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылат.

Мекеменин адистери «Азаттыкка» билдиришкендей, COVID-19 пандемиясынын шартында элдин жашоо-турмушуна изилдөө 2020-жылдын 15-октябрынан 15-ноябрга чейин жүргүзүлдү.

Тыянакка ылайык, кожолуктардын 66% жакынында мүчөлөр коронавирустан улам депрессияга кабылып, стресс болуп, кооптонуу шартында жашоодо.

Мындай кожолуктардын көп үлүшү Ош шаарында (98,1%), Ош облусунда (88,2%), Жалал-Абад облусунда (80,5%) жана Талас облусунда (77,7%) жана Бишкек шаарында (77,2%) байкалган.

P.S.: Кожолук үй-бүлө дегенди түшүндүрбөйт. Кожолук – бул бирге жашаган, кирешелерин жана мүлкүн (толук же жарым-жартылай) бириктирген жана негизинен, турак-жай, тамак-аш азыктарын камтыган, товарлар менен тейлөөлөрдүн аныкталган түрлөрүн бирге пайдаланган адамдар тобу. Кожолук бир адамдан турушу да мүмкүн. Улуттук статистика комитети баяндамада кожолук дегенди «үй чарбаСЫ» деп колдонгон. (SE)