Бишкекте муниципалдык автобустардын 95%, троллейбустардын 60% жана менчик кичи автобустардын 60% салону видео көзөмөл камералары менен жабдылды. Көзөмөл камералары жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында орнотулганын шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы муниципалдык автобустар №15 жана №71 каттамдарга каттай башташкан.
Бишкекте күн сайын 110дон ашуун троллейбус жана 120дай автобус каттамга чыгат. Булардан тышкары эки миңден ашуун кичи автобустар эл ташыйт. (ZKo)
Дагы караңыз
Шайлоо-2021: Брайл шрифти менен 4 948 бюллетень даярдалдыБШК: Кара-Суудагы опузалоо боюнча териштирүү жүрүп жататСоңку бир суткада 83 кишиге коронавирус жугуп, бир бейтап көз жумдуБритания соту «ВикиЛикстин» негиздөөчүсү Ассанжды АКШга өткөрүү боюнча чечим чыгармакчыЖапыкеев: ЖЭБге Кара-Кеченин көмүрү туура келбейт5-январда жаан-чачын болбойтСалык декларациясын электрондук ыкмада тапшыруу мөөнөтү узартылдыКоронавирус жуккандардын эң көбү - Бишкекте, эң азы - Нарында