Бишкек абанын булганышы боюнча алдыңкы сапка чыкты

Ыш каптаган Бишкек.

«World Air Quality» уюмунун иликтөөсүндө 3-4-январда Бишкек абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты.

Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтына 4-январга караган түнү, саат үчтө чыккан маалыматта баш калаадагы абалга кооптуу деген баа берилген.

Бул уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкекте аба сапатынын көрсөткүчү (AQI) 525 экени көрсөтүлгөн. Негизи, индекс 300дөн ашса абал өтө кооптуу деп эсептелинет. 50дөн ылдый болгондо гана булганган эмес дегенди түшүндүрөт.

Бишкекте акыркы убакта абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.

Жыл сайын айрыкча кыш мезгилинде абанын булганышы күчөп, баш калааны ыш каптайт.

Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте тынымсыз жарыяланып турат.

Активисттер жана жашоочулар абанын булганышынан ар кандай илдеттер көбөйүп кеткенин да жазып келишет. (NT)

Дагы караңыз

Карылар үйүнүн иштен алынган директору сотто утуп алдыПрезиденттик шайлоо: Аймактарга жана чет жактагы добушканаларга бюллетендер жиберилдиБШКнын жумушчу тобу КТРКга айыппул салууну сунуш кылдыДубайда жетекчисинин өлүмү үчүн шек саналып жаткан кыргызстандыктын соту уланууда