Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жашы жете электерди зордуктагандардын тек жайы, сүрөтү топтолгон маалымат базасын түзүүнү сунуштады. Сурабалдиева мындай пикирин “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
“Ушундай карта бизге да керек. Ар бир ата-эненин, жалпы эл-журтубуздун назарына чыгарбасак болбой калды. 13 жаштагы кызды бир нече эркек зордуктаганы далилденгенде, айылдаштары тескерисинче ал кыздын өзүн, ата-энесин күнөөлүү кылып салган учурга баарыбыз күбө болдук”, - деп жазды.
Вице-премьер-министр педофилдер жөнүндө маалыматтарды ачык жарыялаган тажрыйба Казакстанда бар экенин мисалга тартты. Ошондой эле Сурабалдиева ата-энелерге, балдарга чоочундар менен сүйлөшпөөнү үйрөтүү зарылдыгын белгиледи.
БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жасаган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, өткөн жылы тогуз айда «Зордуктоо» беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш «Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү» беренеси менен катталган. (TSh
Дагы караңыз
Бишкекте “Мыйзамдуулук үчүн” деп аталган кезектеги жүрүш болду (видео) Жумушчу топ БШКга Садыр Жапаровго эскертүү берүүнү сунуштадыОшто дүлөйлөр үчүн диний баяндар өткөрүлүүдөСузакта иске ууланып аял үч баласы менен каза болду