Ош шаарында радикалдуу диний агымдарга кирип кетпеши үчүн дүлөйлөргө жума баяндары уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басмы сөз кызматы маалымдады.
Өткөн жума күнү шаарга жакын райондордон жалпы элүүдөн ашык адамга диний баян өткөрүлдү. Ош шаарынын «Мажүрүмтал» мечитинин имамы Медер Кадыровдун айтымында, аларга өзүнчө бөлмө бөлүнүп, котормочу аркылуу түшүндүрүлүп жатат. (TSh)
Дагы караңыз
Референдум боюнча катталган үгүт тобунун саны 15ке жеттиСузакта иске ууланып аял үч баласы менен каза болдуКазакстандын президенти өлүм жазасын тыйган мыйзамга кол койду