Сузак районунун Кашка-Терек айылында 1-январь түнү көмүр исине ууланып төрт адам каза болду. Алар - 30 жаштагы келин, анын тогуз жаштагы баласы жана төрт жаштагы эгиз уулдары болгон. Бул факт райондук милициянын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кошуналарынын айтымында, аялдын күйөөсү Орусияда иштеп жүргөн. Келин кайын журту менен бир короодо, бирок өзүнчө үйдө турушкан. (TB)
Дагы караңыз
Мамытов өз куттуктоосунда мамлекеттин атынан элден кечирим сурадыКазакстандын президенти өлүм жазасын тыйган мыйзамга кол койдуАдвокат: Садыр Жапаровдун барымта боюнча иши 21-октябрда кыскарган