Пакистан Мумбайдагы 2008-жылкы террордук чабуулга тиешеси бар жоочулардын башчысы деп шектелген кишини камакка алды

2008-жылдагы Мумбайдагы террордук чабуулду уюштурган деп шектелген Заки ур-Рахман Лахви полициянын коштоосунда сот залынан чыгууда. Исламабад, Пакистан. 2015-жылдын 1-январы.

Пакистандын бийликтери Индиянын Мумбай шаарындагы 2008-жылкы кандуу террордук чабуулга тиешеси бар жоочулардын башчысы деп шектелген кишини камакка алды. Пакистандын террорго каршы күрөш жүргүзгөн полициясынын өкүлүнүн 2-январдагы айтымында, Заки ур-Рахман Лахви аттуу киши өлкөнүн Лахор шаарында террорчулукту каржылаган деген доо боюнча камакка алынды.

Лахви “Лашкар-и тайиба” (ЛиТ) аттуу жоочулар тобунун жолбашчысы катары шектелүүдө. Бул топ Мумбай шаарындагы террорчулардын камалоосун жүзөгө ашырган деп АКШ менен Индиянын бийликтери тарабынан айыпталууда. 2008-жылкы бул окуя маалында 166 киши набыт болгон, алардын арасында америкалыктар да болгон.

Дагы караңыз “Лашкар-е-Тайбанын” лидеринин башы 10 миллионго бааланды

Лахви ошол окуядан кийин камакка алынып, бирок 2015-жылы пакистандык сот тарабынан боштондукка чыгарылган болчу.

Пакистандын бийликтери Лахви мырза Лахордо дарыгерлик жайды ачып, өзүнүн террорду каржылоо ишин анын пардасы менен жаап-жашырган деп шек саноодо.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин чектөөлөр киргизүү комитети “Лашкар-и тайиба” жоочулар тобунун ишмердигин Лахви жетектейт деп билдирип, аны Ооганстан, Ирак, Босния, Орусиянын Чеченстан аймагы сыяктуу чет өлкөлөрдөгү жоочулардын иш-аракетине тиешеси бар деп айыптаган.

Дагы караңыз Кашмир кризиси: Пакистандын эскертүүсү

“Лашкар-и тайиба” уюму – эл аралык “ал-Кайида” террорчул тобу менен тыгыз байланыштагы жоочулар тобу болуп саналат. Бул топ Гималайдын тарыхый Кашмир аймагынын Индиянын көзөмөлүндөгү бөлүгүндө жикчил согуш аракеттерин жүргүзүп келет. Бул уюмга 2002-жылы Индиянын парламентине жасалган террордук кол салууга байланыштуу тыюу салынган болчу. (TT)