Хабаровскиде экс-губернаторду колдогон жүрүш бул сапар болгон жок

Аймакка кире бериштеги белги.

Хабаровскиде 2-январда жергиликтүү бийлик имаратынын алдында ондогон адамдар акцияга чыгышты. Алар экс-губернатор Сергей Фургалды колдоо үчүн чогулушту. Жергиликтүү маалымат каражаттары алгачкы жолу салтка айлангандай ар ишембидеги акция жүрүш менен коштолгон жок.

Хабаровскидеги каршылык акциялары Сергей Фургал 15 жыл мурдагы киши өлтүрүү ишине байланыштуу айыпталып, 9-июлда камалгандан кийин башталган.

Фургал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Ал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп, 2018-жылкы шайлоодо жеңип, кызматка келген саналуу губернаторлордун бири.

Дагы караңыз

Грозныйдагы кол салууга ИМ террордук тобу жоопкерчилик алдыЖалал-Абадда шектүү төрт килограммга жакын баңгизат менен кармалдыАдвокат: Садыр Жапаровдун барымта боюнча иши 21-октябрда кыскарган Аксыдагы тополоңго байланыштуу камалгандардын тарапташтары митингге чыгышты