Министрлик: Мамлекеттик мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салынат

Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Фонограмма жөнүндө» мыйзамга алымча-кошумчаларды киргизилип, жакынкы күндөрү мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салган буйрук чыгарыларын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

30-декебрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде Кыргыз Республикасынын «Фонограмма жөнүндө» мыйзамы талкууланып, ага министр Нуржигит Кадырбеков, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев жана музыка чөйрөсүндөгү өкүлдөр катышкан. Анда «Фонограмма жөнүндө» мыйзамдын эрежелери так аткарылбай жатканы айтылды.

«Учурда кыргыз маданиятынын өкүлдөрүнүн арасында жандуу үн менен жогорку деңгээлде ырчылык өнөрдү аркалап жаткан ырчылар жок эмес. Бирок ошол эле учурда алдын-ала жаздырылып, шөкөттөлгөн ырлар басымдуу болуп жатат. Мунун алдын алууда, ага каршы туруп, жандуу үн менен концерт берүү багытына басым жасап, элди алдоодон алыс болуш керек деген пикирлер айтылды», деп жазылат министрликтин маалыматында.

Фонограмманы колдонууну чектөөчү мыйзам 2011-жылы кызуу талкуу менен кабыл алынган. 2017-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Музыкалык чыгармаларды аткаруу учурунда фонограмманы колдонууну чектөө жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн долбоорун даярдап, талкууга чыгарган. Долбоордо мыйзамдагы кээ бир тыюуларды алып салуу сунушталып, фонограмма же нукура ыр угуу элдин тандоосуна коюлган. (TSh)

Дагы караңыз

ДССУ «Pfizer-BioNTech» вакцинасын колдонууга уруксат бердиКТРК телетаймаштын видеосунун өчүп калганы боюнча түшүндүрмө бердиӨкмөт мамлекеттик ипотека алгандардын үстөк пайызын азайтууну сунуш кылды