Азербайжан Трансадриатик газ кууру боюнча Европага табигый газ жеткире баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги 31-декабрда билдирди.
«Европага газ жеткирүүнү баштоо менен «Түштүк газ коридору» стратегиялык максаты ишке аша баштады», деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.
Бул долбоордун алкагында «Шах-Дениз-2» деп аталган жерден өндүрүлгөн газды Каспий деңизи аркылуу Италия, Грекия жана Болгария алмакчы. Газ куурунун баштапкы кубаттуулугу жылына 10 миллиард куб метрди түзөт. Кийинчерээк эки эсе көбөйүшү мүмкүн.
Узундугу 878 чакырымды түзгөн Трансадриатик газ кууру «Түштүк газ коридору» деп аталган долбоордун бир бөлүгү. Ал жети жылга жакын курулуп, жалпы баасы 30 миллиард долларды түздү. Анын жалпы узундугу 3,5 миң чакырымга созулуп, Каспий деңизи, Түркия жана Грузия аркылуу Батыш Европага жеткирилет.
Айрым эксперттер бул долбоордун ишке ашышы Орусияга Европа газ базарында атаандаш болушу мүмкүн экени айтып жүрүшөт. Бирок Бакунун долбоору Москванын бул аймактагы үстөмдүгүнө коркунуч жарата албайт деген пикирлер арбын.
31- декабрда Азербайжандагы мамлекеттик SOCAR мунайгаз компаниясы Беларус менен мунай экспорттоо боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялады. Акыркы жылдары мунай сатып алууга байланыштуу Орусия менен Беларустун ортосунда бир катар түшүнбөстүктөр болуп келген эле.