Кыргыз өкмөтү Мамлекеттик ипотекалык компанияга 2019-жылдын 1-октябрына чейин берилген мамлекеттик ипотекалык насыялардын үстөк пайызын 6-8% чейин төмөндөтүү жөнүндө сунуш киргизди.
Сунушка премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Новиков Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин турукташтыруу үчүн Финансы министрлиги аркылуу мурда берилген насыяларды кайрадан карап чыгууну тапшырганын билдирди.
«Ипотекалык компания өз эсебинен пайыздык чен деңгээлин төмөндөтүшү керек. Пайыздык ченди төмөндөтүү – бул чоң эмес, бирок өкмөттүн жарандарга финансылык жүгүн азайтуу максатындагы көмөгү болуп саналат», - деди Новиков.
Мугалимдер менен дарыгерлерден турган топ 29-декабрда Бишкекте өкмөттүн алдына чыгып, ипотекалык насыянын үстөк пайызын азайтууну талап кылышкан. Өкмөт имаратынын алдында топтолгон 30га жакын киши Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыя алып, бирок аны төлөөгө айлыгы жетпей кыйналып жатканын айткан. Нааразы тарап 23-декабрда дагы акция өткөргөн.
Мамлекеттик ипотекалык компания 2020-жылдын августтунда 1-майдан тартып 2,5 миңден ашуун үй-бүлөнүн пайыздык ченеми бир пайызга азайтылганын билдирген.
Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы экономикага олуттуу зыян алып келди. Марттын аягында киргизилген карантиндик чектөөлөр эки айга созулду. Коомчулукта насыя алгандар арасында аны төлөй албай калгандар көп болду.
Беш жыл мурда түзүлгөн Мамлекеттик ипотекалык компания буга чейин насыя берүүдө бюджеттик кызматкерлерге басым жасала турганын билдирген. Эки жыл мурда насыя бардык жарандарга берилет деген чечим чыккан. Мекеме беш жыл ичинде жалпы 5,5 миллиард сомдук 4 700 насыя берген. (TSh)
Дагы караңыз
COVID-19 бир күндө дагы 122 кишиден табылып, илдеттен бир киши көз жумдуПрезиденттин милдетин аткаруучу менен кошо ар тармактын мыктылары жаңы жылдык куттуктоосун айтыштыКыргызстандын Орусиядагы элчилиги талапкер Жапаров жөнүндө айтылган маалыматты төгүндөдүМамытов өз куттуктоосунда мамлекеттин атынан элден кечирим сурады2020-жылдын саясий шакабасы