COVID-19 бир күндө дагы 122 кишиден табылып, илдеттен бир киши көз жумду

Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-январдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус Бишкекте дагы бир кишинин өмүрүн алды.

Бир күндө вирус дагы 122 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 81156 адамды түздү. Анын 76148и сакайганы айтылды. Бир күндө 230 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1356 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. (TSh)

Дагы караңыз

Президенттин милдетин аткаруучу менен кошо ар тармактын мыктылары жаңы жылдык куттуктоосун айтыштыКыргызстандын Орусиядагы элчилиги талапкер Жапаров жөнүндө айтылган маалыматты төгүндөдү2020-жылдын саясий шакабасыЖурналисттерди болоттой курчуткан жылды көрдүк