Чеченстанда Рамзан Кадыровдун аты 350дөй көчөгө коюлган

Рамзан Кадыров.

Би-Би-Синин орус кызматы Чеченстанда аймактын лидери Рамзан Кадыровдун аты жалпысынан 346 көчөгө коюлганын санап чыкты. Өткөн аптада Грозныйда анын 15 жаштагы уулунун ысымы коюлган спорт комплекси ачылды. Чеченстанда баарынан көп көчөлөргө маркум биринчи президент, Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун аты берилет. Ошондой эле Рамзан Кадыровдун апасынын, чоң атасынын ысымдары да арбын ыйгарылат. Мындан тышкары эжелеринин, жээндеринин, аталаш туугандарынын, жакын санаалаштарынын да атын алып жүргөн көчөлөр бар.

Буга чейин Кавказ.Реалии сайты Грозныйдагы райондордун бирине Акмат Кадыровдун аты берилиши мүмкүн экенин жазган. Анын алдында Рамзан Кадыров «райондорго тарыхта жаркын элес калтырган чечен элинин баатыр уулдарынын атын ыйгарууну» тапшырган. Ага ылайык, Ленин районунун аты Ахмат болуп өзгөрүшү ыктымал экени маалымдалган.

Ушул жылдын июль айында АКШ адам укуктарын олуттуу бузган деген айып менен Рамзан Кадыровду санкциялык тизмеге киргизген.