Бишкек милициясы уурдалган чөнтөк телефонун аныктоочу тиркеме иштеп чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек милициясы уурдалган чөнтөк телефонун аныктоочу тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу 31-декабрда шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мобилдик смартфонду дүкөндөн эмес, колдон сатып алып жатканда ошол тиркеме аркылуу ал уурдалган аппараттардын тизмесинде бар же жогун билсе болот.

Ал тизмеге уурдалганы тууралуу арыз түшкөн телефондордун IMEI коду киргизилген.

Милиция бул тиркеме аркылуу уурдалган аппараттар боюнча кылмыш иштерин ачууга да оңоюраак болоруна ишенет.

Буга чейин Ички иштер министрлиги чөнтөк телефондорун негизинен өспүрүм кылмышкерлер көп уурдай турганын билдирген. (RK)