Кыргызстанда президенттикке ат салышып жаткан 17 талапкердин ичинен Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев жана Канатбек Исаев «эгер шайлоонун экинчи туру болсо арасынан бирдиктүү талапкерди колдоп чыгабыз» деп жар салышты.
Президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаров буларга токтолду:
«Экинчи айлампага барганда биз бир тилек, бир билек болуп, бир талапкердин тегерегинде биригели деп кагазга кол койгону жатабыз».
Меморандум кабыл алган талапкерлер документке башка да талапкерлер кол коё аларын билдирип, мындай кадамга өлкөдө мамлекеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо ниетинде барып жатканын белгилешти.
Дагы караңыз Дебаттын экинчи күнү: Жапаров менен Тагаев келген жокМеморандумда айрым саясатчылар криминалдын жардамы менен бийликти абсолюттук монополияга алгысы келгени, адамдардын жана алардын мүлкүнүн коопсуздугу маселе жаратып жатканы белгиленди. «Мыйзамсыздык Кыргызстанды башкарууда башаламандыкка алып келгени, үгүт өнөктүгү административдик ресурсту болуп көрбөгөндөй колдонуу, шайлоочуларды алдоо жана коркутуу менен коштолуп жатканы» жазылды.
Төрт саясатчы бирдиктүү талапкер ким болору азырынча белгисиз экенин, аны 10-январдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы чечерин айтышты.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев президенттикке талапкерлердин дымагына кызыкты:
«Президенттикке талапкер болгондордун ар биринин алдыга койгон максаттары, милдеттери бар. Алар пландарын айтышты. Саясат кызыганда «биригебиз» дегени дүйнөлүк практикада туура эле. Бирок алардын «президент болом» деген ойлору эмне болуп калганы белгисиз бойдон калды. Анткени азыр күч кайсы бир талапкерде эмес, элде. Эгер «биригебиз» деп айтып жаткан төрт талапкер элге чындап күйсө, мындай авантюралык кадамдарга барбашы керек эле. Алар жеңгенди да, жеңилгенди да билиши керек. Шайлоо күнүнө чейин дагы убакыт бар. Бул аралыкта алар көз караштарын дагы өзгөртүшү мүмкүн деп ойлойм. Саясат - бул мунасага баруунун маданияты».
4-5-октябрдагы тополоңдо бийликти колуна алып, кийин президенттик шайлоого барыш үчүн кызматын убактылуу тапшырган Садыр Жапаров учурда 18 талапкердин ичинен салыштырмалуу көпчүлүк элдин колдоосуна ээ болгон саясатчы катары бааланууда. Ушундан улам башка талапкерлердин биригүүсүн мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалагандар бар.
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев президент болууга ашыккан талапкерлер реалдуулукка басым жасоодо деп эсептейт.
«Парламенттик жана президенттик шайлоолордо жалгыз өзү чыгып алып «элдин баары мага добуш берет» деп ойлоп алгандар көп. Бирок азыр «биригебиз» деп айтып жаткан талапкерлер реалдуулукту көрүп жатат. Алар экинчи турга чыгып калса, бирок бирикпесе башка атаандашка туруштук бере албай каларына көздөрү жетүүдө. Саясий маданият акырындык менен калыптанат. Бизде өзүмчүлдүк сапат күч. Ар ким өзүн кыйын сезет. Коомчулуктун пикирин угуп, сурамжылоо жүргүзүп, анан талапкер болуп чыккандар жокко эсе», - деди ал.
Шайлоо алдындагы мындай биригүүлөр кадыресе көрүнүшкө айланган. Маселен 2017-жылы өткөн президенттик шайлоонун алдында төрт саясатчы - Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров бириккенин жар салышкан. Алар бийликтин талапкерине атаандаш катары өздөрүнүн бирдиктүү талапкерин алып чыгарын билдиришкен. Ал түгүл алар түштүк аймактарды чогуу кыдырып, тарапкерлери менен жолугушууларды өткөргөнгө да жетишкен.
Дагы караңыз Келечеги беймаалым биригүүлөрБирок бул төрттүктүн арышы көпкө узаган эмес. Биригүү өз максатына жетпей ыдырап кеткен. 2017-жылкы президенттик шайлоого 13 адам ат салышкан эле.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул жолу бириккен саясатчылар бийликке жакын талапкерге оппозиция болот деп айтыш эрте экенин эске салды:
«Оппозиция ар кандай формада биригет. Алар бир эле платформада же бир формада биригип калышпайт. Оппозициялык бирикмелердин бир нече түрү болушу мүмкүн. Жакында эле «биригебиз» деп жарыялаган топ да ушундай оппозициялык формалардын бири. Эми убакыт көрсөтөт. Шайлоодо ким утат? Президент болуп шайланган адам кандай саясат алып барат? Мына ушундан көп нерсе көз каранды. Ошондуктан азыркы бириккен саясий топ канча убакыт жашай турганын айтуу мүмкүн эмес».
2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого алгач 65 адам президент болуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылган.
БШК алардын 63үнүн документин кабыл алган. Президент болгусу келгендердин катары ар кандай себептерден улам суюлуп отуруп, 1 миллион сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүп, 30 миңден кем эмес колдоочунун кол тамгасын тапшыра келгенде 20 талапкер калган. Кийинчерээк БШК эки талапкердин: Кубан Чороев менен Кубаныч Токтосунов чогулткан кол тамгаларын жараксыз деп тапкан.
Бүгүн, 30-декабрда президенттикке талапкер Рашид Тагаев жарыштан чыкканын жарыялады. Ал социалдык түйүндөр аркылуу шайлоочуларына кайрылуу таратып, «талапкерликти мындан аркы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бербеген жеке ишенимдерге байланыштуу токтотууга мажбур болгонун» билдирди. Тагаев өз кайрылуусунда жалпы абал турукташканда баштаган ишин улантарына үмүттөнөрүн белгиледи.
Учурда өлкө башчылык кызматка 17 талапкер ат салышууда.