Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) башкаруунун формасын аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча үгүт иштерине катышууга 50 жалпыга маалымдоо каражатын каттады.
Анын ичинен 37и радио-телевидение, калган 13ү интернет-басылмалар. Боршайкомдун басма сөз катчысы Руслан Изреков БШК 29-декабрдагы отурумунда бир сайтты каттоодон баш тартканын билдирди.
«Борбордук шайлоо комиссиясы «NazarNews.kg» басылмасы Интернет платформасында жоктугуна байланыштуу аны каттаган жок», - деди Изреков.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт. Жарандар президенттикке талапкер 18 адамдын ичинен каалаган бирөөгө добуш берет жана башкаруу формасын төмөнкү тартипте тандайт:
- президенттик;
- парламенттик;
- бардык варианттарга каршы. (BTo)
Дагы караңыз
Референдум боюнча үч багытта үгүт башталдыДебат: Жетим-Тоо, сотторго басым жана эл аралык аброй2021: Коронавирустан кийинки экономикаКумтөрдөн курултайга чейинки чакырык жана убада