Дебаттын экинчи күнү: Жапаров менен Тагаев келген жок

Дебатка катышкан Мыктыбек Арстанбек, Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов, Элдар Абакиров жана дебатка келбей калган Садыр Жапаров, Рашид Тагаев.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебаттардын биринчи турунун экинчи күнүндө төрт талапкер таймашты. Алар - Мыктыбек Арстанбек, Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов жана Элдар Абакиров. Президенттик кызматты талашып жаткан башка саясатчылар Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев келген жок. Ошентсе да алардын дарегине сөздөр айтылды. Бирок жалпы жонунан байкоочулар бул беттеш суз өткөнүн белгилешти.

Атаандаштары аз беттеш

Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тартипке ылайык, дебаттардын ар бир күнүнө алтыдан талапкер коюлган. Биринчи турда, үч күндө 18 талапкер беттешип бүтүп, экинчи айлампада алар кайрадан орун алмашуу менен дагы үч күн күч сынашмак.

Демек, 29-декабрь күнкү беттешке Мыктыбек Арстанбек, Садыр Жапаров, Рашид Тагаев, Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов жана Элдар Абакиров, ушул тартип менен чыкмак.

Бирок эфир башталган учурда эле алып баруучулар Алмаз Касымалиев менен Светлана Акматалиева Садыр Жапаров жана Рашид Тагаев таймашка келбей калганын маалымдашты. Журналисттер билдиришкендей, эки талапкер аймактарда шайлоочулар менен жолугушуп жүргөндүктөн катыша албай турганын кабарлаган.

Сөз башында эле талапкерлердин бири Арстанбек Абдылдаев Садыр Жапаровго суроолору көп экенин айтып, аны видеобайланыш аркылуу онлайн катыштырууну талап кылды. Алып баруучулар түз эфирде андай мүмкүнчүлүк каралбай калганын билдиришти. Натыйжада дебат төрт талапкер менен жүрдү.

Алгачкы бир мүнөттүк кайрылуулардан кийин адаттагыдай эле жарышка түшкөн саясатчыларга суроолор берилди. Биринчи собол 10-январда шайлоо менен чогуу коюлуп жаткан референдумдагы мамлекеттик башкаруу формасы жөнүндө болду.

Мыктыбек Арстанбек парламенттикпи, президенттикпи, азыркы жагдайда экөөнүн тең артында саясий кландар турарын айтты. Арстанбек Абдылдаев «кандай болбосун баарына башкаруучу күнөөлүү болот» десе, Имамидин Ташов «орок оро албаган орок тандайт» маанисинде жооп берди.

Элдар Абакиров парламенттик башкарууну жактады:

Элдар Абакиров.

«Бир адамдын бийлиги чексиз жана көзөмөлсүз болот. Бир адам деген пенде, адам бийлик жана байлык менен сыналганда сынактан өтпөйт. Бийлик элден көз каранды болушу керек, элге отчет бериши керек. Көз карандысыз сот, күчтүү оппозиция, көз карандысыз парламент болушу керек. Бизди төрт жолку башкаруу көрсөттү, президенттикке баш уруп бергенибиздин акыры төңкөрүшкө барып такалып жатат. Муну эл терең түшүнүшү керек. Бирок азыркы позициясы жок парламентке да мен каршымын. Булар эки президентти сатты, үчүнчүсүн да сатышы мүмкүн. Парламентке да сөзү менен иши дал келген адамдар келиши керек»,- деди ал.

Укук коргоо органдарын реформалоо тууралуу суроого Абакиров «ишкерлерди күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринен коргоого» басым жасай турганын айтты. Ташов «кылмыш кылган милицияны жана сотту коом алдында жазалаш керек» десе, Абдылдаев «алардын ички жоопкерчилигин ойготуу зарылдыгын» айтты.

Мыктыбек Арстанбек ошол жоопкерчилик үчүн диний мыйзамдарды киргизүүнү сунуш кылды:

Мыктыбек Арстанбек.

«Биз өзүбүз токуган мыйзамдар жоопкерчилик пайда кылбайт. Биз мусулман элбиз. Шариятыбыздагы мыйзамдарды алып кирсек, ошондо гана көрөбүз жоопкерчиликти. Башкаруучу же ошол кызматкерлер бул жашоодон коркпосо, акыреттен коркот да. Өзү кутулуп кетем десе да, неберелериме түшөт ушул каргыш дейт. Неберелерин ойлоп болсо да, берки күч органдарын иштетет. Биз ойлоп тапкан мыйзамдарды кааласак өзгөртө беребиз, кааласак буза беребиз. Ыңгайлуу болсо аткарабыз, ыңгайсыз болсо жок. Отуз жыл ушинтип жүрүп, чарчадык. 80% мусулман эл, өзү беш убак намазын окуп жатат да, жаратуучусу берген мыйзамдарды киргизгенге эмнеге умтулбайт дейм да. Биз Алла Таала берген мыйзамдарды киргизмейинче, жашоо оңолбойт».

Журналисттердин «башкы кол башчы болуп калсаңар, кыргыз армиясын кантип оңдойсуңар?» деген суроосуна Мыктыбек Арстанбек «аскерлерди жакшылап камсыздоо үчүн экономиканы өнүктүрүү керек» деди. Арстанбек Абдылдаев «аскерден мурда өлкөнүн аброюн көтөрүү» зарылдыгын белгилесе, Элдар Абакиров «азыраак армияны алып калып, калганын резервге өткөрүүнү» демилгеледи.

Талапкер Имамидин Ташов бул жөнүндө мындай ойлору менен бөлүштү:

Имамидин Ташов.

«ХХI кылымда согуш акыл менен жүрөт го деген үмүт менен жашап келатканбыз. Эмнегедир Кыргызстандын орун алган жеринин кызыктуулугундабы, айтор, бизде армиянын болуусу абзел экени айдан ачык болуп калды. Коңшулаш мамлекеттер менен болгон ымалада бул билинип калды. Мен Баткендин кулуну катары айтайын, мурда чыр уруш менен аяктап келсе, акыркы убактарда өзүңүздөр көргөндөй, адам өлүмү менен коштолуп жатат. Бир аз колдосок, биздин армия күчтүү болгонго да жетебиз».

«Экономиканы кантип өнүктүрүп, бюджетти кантип толтуруу керек?» деген суроого да талапкер түрдүү сунуштарын келтиришти. Анын ичинде бажы менен салык кызматын санариптештирүү, салыктарды оптималдаштыруу, ишкерлерди колдоо сыяктуу ой-пикирлер айтылды. Ошону менен биринчи раунд жыйынтыкталды.

«Дебатка келбей коюу - шайлоочуларды сыйлабастык»

Экинчи раундда талапкерлер бири-бирине собол беришти. Бирок кайра эле биринчи темада өздөрү айткан жоопторго карата атаандаштарынын ойлорун сурашты. Жооптор да ошого жараша кайтарылып жатты.

Мурдараак «Кыш болбойт», «Путин биоробот» жана «Мен Кудаймын» деген сөздөрү менен таанылган коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев дебатка келбей калган Садыр Жапаровго суроо узатты. Тагыраагы аны сындаган кебин айтып, ачуу кайрылды.

Арстанбек Абдылдаев.

«Менин саламым Садыр Жапаровго. Мен Сооронбай Жээнбековго «мөөнөтүң 2020-жылы бүтөт» деп айткан кезде, аны коррупционер, жедиң-ичтиң деген эмесмин. «Ааламдын сырын билбейсиң, ошон үчүн сезонуң бүтөт» дегем. Садыр Жапаров сен да доордун талабын билбейсиң, ошон үчүн сен башчы боло албайсың. Экинчиси - сен кыргызга эч качан эмгек кылган жоксуң. Мейли, Акаевдин, Бакиевдин убагында кызматта болгондурсуң. Ошол Бакиевдин убагында коррупцияга каршы комиссар болгонсуң, бирок анда коррупция гүлдөгөн».

28-декабрда - талапкерлер Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев катышкан телетаймашта да Садыр Жапаровдун дарегине сындар айтылган. Садыр Жапаровдун штабынын өкүлү Канат Тургунбеков андай сындарды курулай доомат деп баалаган:

«Бизге сын айткандарга, жамандагандарга эч кандай комментарий берген жокпуз. Реакция кылган жокпуз. Кудайга койдук. Эл таразалап чечсин. Жок нерсеге жооп берип, актанып ал деңгээлге түшпөйбүз»,- деди Тургунбеков.

Ал эми Садыр Жапаров буга чейин КТРКда өзүнө бөлүнгөн 10 мүнөттө элге кайрылуу жасап, «30 жылдан бери саясий тирешүүдөн, бийликтеги бир ууч топтун кызыкчылыгынан өлкө сазга батты» деп, мамлекетти башкаргандардын жоопкерчилигин күчөтүш керек экенин белгиледи. Жапаров сөзүндө Баш мыйзам иштебесе, аны өзгөртүүгө элдин акысы бар деген пикирин билдирген:

«Биз мамлекет башчысын гана эмес, өлкөнүн мындан аркы өнүгүү жолун тандашыбыз керек. Бир ууч байлардын, шылуундардын энчисине айланган бийликти элге кайтаруунун мезгили келди. Президентти шайлаганда, анын ишине баа берип, ишенимди актабаса, аны тынч жол менен бийликтен кетире турган да эл болушу керек. Акыркы 30 жылда бийликтин тарпын чыгарып, өлкөнү талап-тоногон жемкорлорду мамлекеттик башкарууга жолотпойлу. Баш мыйзамды эл кабыл алат, эгерде анын жоболору эл, өлкө үчүн иштебесе, аны алмаштыра турган да эл. Мындан ары дал ушундай болушу керек».

Садыр Жапаровдун соңку дебатка келбей коюшу коомчулукта кызуу талкууланды. Айрымдары анын аракетин шайлоочуларды сыйлабастык катары баалашса, айрымдары коркоктук катары мүнөздөштү.

Дебаттын мааниси жоктугун айтып, Садыр Жапаровдун эл менен түздөн-түз жолугушуу өткөргөнү маанилүү дегендер да болду. Президенттикке талапкер бул күнү Ысык-Көлдө эл менен жолугушуу өткөрүп жүргөнү белгилүү болгон.

Айрымдар мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы атаандашы Адахан Мадумаров менен болгон дебатка катышпай койгонун белгилешип, соңку жагдайды да ошол кырдаалга салыштырды.

Талдоочу Русланбек Акматбек мындайча ой жоруду:

Руслан Акматбек.

«Биринчиден, дебаттардын даталары алдын ала белгиленет. Ошондуктан ага келе албай калдым дегени туура эмес. Экинчиден, дебаттар абдан маанилүү. Анткени, кыска шайлоодо сен ал жердеги талаш-тартыш аркылуу жалпы шайлоочуларга ойлоруңду жеткире аласың. Бардык жерге барып жетише албай каласың, анүстүнө азыр кыш, пандемия. Азыркы жагдайда эл дебаттар аркылуу талапкерди таанып, баа берет. Менимче, Садыр Жапаров «мен баары бир жеңем» деген ишенимге кирип алган. Анын жанындагы жандоочулары да, «сен дебатка барып, алардын деңгээлине түшпөй эле кой» деп кеңеш берген сыяктуу. Адатта биздин саясатчылар ушинтип «бул сенин деңгээлиң эмес, бул президенттин деңгээли эмес» деп жатып эле, элден алыстап кетишет. Бүгүнкү күндө ошол негизги талапкер, балким өзү каалабаган жагдайда коомду теңине албаганын, тоготпой турганын көрсөтүп койду. Бул элементардуу түрдө атаандаштарына, элге, анын ичинде өзүнүн шайлоочуларына болгон сый-урматсыздык. Ал тоготпогон талапкерби, башкабы-жокпу, келип дебатка чыгып, жабыла күтүп жаткан элге сөздөрүн айтса, маданияттуулугун көрсөтмөк».

Ошентип, бул жолку беттешке ири оюнчулардын катышпай калышынанбы же калган талапкерлердин бири-бирине сын айтышпаганыбы, айтор байкоочулар соңку дебат суз өткөнүн белгилеп жатышты.

Баяндамачы Аскер Сакыбаева төрт талапкердин таймашына мындайча сереп салды:

Аскер Сакыбаева.

«Менимче, дебат начар болду. Себеби, президенттик кызмат бул саясий жогорку кызмат да. Дебатта ага тиешеси жок диний-руханий сөздөр кеңири аралашып кетти. Ошону менен талапкерлер өздөрүнүн деңгээлин көрсөтүштү. Ошентсе да, бул дебатта элибиз аз болгону менен ушунчалык көп түрдүү экенин көрдүк. Мурда да президенттик шайлоого катышкан учурда Арстанбек Абылдаевдин билдирүүлөрүн күлкү менен кабылдачубуз да, бул жолкусунда дале ошол деңгээлден өспөптүрбүз деген өкүнүү жаралды. Бир талапкер шариятты гана таңуулоо үчүн чыкканын көрдүк, себеби ал өзү да «мен өзүм каалап чыккан жокмун, менин артымда жамаатым чыгарды» деди. Демек, ал диний жамаат экени түшүнүктүү болду. Бир жаш талапкер быша элек экенин көрсөтсө, экономист талапкер заманбап саясий категориялар менен ой жүгүрткөн жалгыз оюнчу экенин сездирди. Жалпы жонунан конкреттүү талаш-тартыштар, адамды ынандыра турган ойлор азыраак айтылды. Тамаша, күлкү аралаш эле көрүп олтурбасак, реалдуу турмушка байланыштуу кызуу-кандуу талкууну көрө алган жокпуз».

Президенттик шайлоого байланыштуу теледебаттардын биринчи турунун биринчи беттеши 28-декабрда өткөн. Ага алты талапкер - Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев чыкты.

30-декабрда калган талапкерлер - Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров жана Абдил Сегизбаев дебатка катышат. Ушуну менен дебаттын биринчи айлампасы жыйынтыкталып, экинчиси 6-январда башталат.

Президенттикке талапкерлердин дебаты үчүн КТРКдан эки жарым сааттык бекер убакыт берилет. 29-декабрдагы дебат бир жарым саатка созулду.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. 18 талапкер 15-декабрдан бери үгүт иштерин жүргүзүп келүүдө.