Ошто кайгуул кызматына кабыл алуу боюнча сынактын экинчи туру бүттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматындагы 90 бош орунга кабыл алуу сынагы аягына чыкты.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы дене тарбия нормативдерин жакшы тапшырган 152 адам сынак комиссиясы менен маектешүүгө кирип 72си өткөнүн билдирди. Алардын 29у орто башкарма курам, 43ү кенже курам. Эми алар кесиптик даярдык боюнча окууга жөнөтүлөт.

Ош шаарында 7-декабрдан тартып, ИИМдин кайгуул кызматынын жана Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлеринен турган патрулдук милиция ишин баштаган.

Патрулдук милиция 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаа Бишкекте киргизилген.

Кыргызстанда буга чейин Патрулдук милиция түзүлүп, бирок кайра жоюлган. 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Жол кайгуул жана МАИ кызматын бириктирип, Патрулдук милиция түзүү тууралуу чечим кабыл алган. (BTo)

Дагы караңыз

Өзбекстанда суук менен отун-кубат каатчылыгы күчөдүТоо-кен тармагы ишин жанданттыОрусия Кыргызстанга 20 миллион доллар беретТүркияда кыргызстандык кыздын өлүмү иликтенет