Мектептин жоктугунан окуучулар мугалимдин үйүндө билим алып жаткан Жумгалдын Кең-Суу айылына мектеп курулмай болду. 28-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев ушундай убада бергенин «Азаттыкка» ишкер, активист Нурсултан Кубанов билдирди:
«Агай менен жолуктук. Салынбай турган мектептин курулушу бүтө турган болду. Мектеп техникалык жактан толук жабдылат. Балдарга компьютер сатылып алынат».
21-декабрда «Азаттыктын» «Данисте» телеберүүсүндө Нарын облусунун Жумгал районундагы Кең-Суу айылы тууралуу баяндалган. Анда айылда үйүн мектепке айлантып, балдарды окуткан мугалим Токтожума Стаханов жөнүндө көрсөтүлгөн.
Бул айылда электр жарыгы, оорукана да жок. Айыл эли өз аракети менен салып жаткан мектептин курулушу бүтпөй калган.
17 түтүн жашаган Кең-Суу айылы Жумгалдын Кабак айыл өкмөтүнө карайт.
Токтожума Стаханов иштеген мектепте башталгач класстын ондон ашуун окуучусу билим алат. Бешинчи класстан баштап алар окуусун башка айылдарга же шаарга барып улантканга аргасыз. (AiA)
Дагы караңыз
Жанданган Миң-КушМигрант курьердин билим алуу кыялы орундалды