Карылар үйүнүн мурдагы кызматкерлери бүгүн, 28-декабрда Бишкекте өкмөттүн алдына чыгышып, жетекчиликке нааразылык билдиришти. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, акцияга акыркы бир жыл ичинде иштен айдалган 30га жакын адам чыкты.
Алар мекеменин башчысы Адылбек Козубаев кызматка дайындалган бир жыл аралыгында кызматкерлерди жумуштан кетирип, өзүнүн тааныш-билиштерин ишке алганын, финансылык мыйзам бузууга жол берип жатканын айтышты. Акциянын катышуучулары жетекчинин кызматтан кетишин жана жоопко тартылышын талап кылган плакаттарды көтөрүп турушту.
Адылбек Козубаев өз дарегине айтылган дооматтар тууралуу комментарий бере элек.
Нааразы тараптын алдына өкмөттүн өкүлдөрү чыгып, алар вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева менен жолугушууга кирип кеткени кабарланды.
Бишкектин Биринчи май районуна караштуу карылар жана майыптар үйүндө акыркы эсеп боюнча 200дөй киши жашайт. (NT)
Дагы караңыз
Башкы прокуратура: Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 1 миллион доллар зыян келтиргенБөрүбашев: Конституциянын долбоорунун биринчи варианты талкууланып жататАйлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери директорго каршы акцияга чыгышты БШК Аспеков жана Жунусбеков боюнча арызга байланыштуу ИИМге кайрылды