Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Шаирбек Бопонов 26-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалды. Баштапкы маалыматтар боюнча, ал коррупция боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин алкагында суракка чакырылып, андан кийин кармалган.
Бопоновдун кармалганы тууралуу УКМК расмий кабарлай элек. ИИМдин басма сөз кызматы бул маалыматты ырастады.(ZKo)
Дагы караңыз
Европа Биримдиги COVID-19 илдетине каршы орток эмдөө иштерин баштады Жогорку сот: Сотторго негизсиз басым болуудаТүркияда кыргызстандык кыздын шектүү өлүмү иликтенетОрусияда жашап жаткан Эдвард Сноуден уулдуу болдуОрусия беткаптарды импорттоого тыюу салдыБишкекте «Мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшү» өттү (видео)