Журналист Бейшенбек Бекешов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

Бейшенбек Бекешов.

Журналист Бейшенбек Бекешов 27-декабрда, саат 12:30 чамасында жүрөгү кармап каза болгонун жакындары “Азаттыкка” билдиришти.
Бейшенбек Бекешов 61 жашта эле. Жакындарынын айтуусунда, маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Балбай айылында жерге берилет.

Бейшенбек Бекешов кыргыз журналистикасында аты таанымал, КТРК, ЭлТР телеканалдарында жетекчилик кызматтарда иштеген.

1990-жылдары ал КТРдеги “Коломто” автордук программасы аркылуу көпчүлүккө таанылган.

Тасма. Б.Бекешов жеке ишкерликти баштоо тажрыйбасы тууралуу. 2019-жылдын 6-июну.

Акыркы жылдары ал ишкерлик менен алектенип, Бишкекте "Айыл азыгы" деп аталган дүкөндү иштетип жаткан.

Б.Бекешов пост-советтик Кыргызстандагы коммунисттик цензурадан эркин медианын өнүгүшүнө зор салым кошкон, айырмалуу автордук берүүлөрдү уюштурган кадыр-барктуу журналисттердин бири болчу.

Дагы караңыз

Жогорку сот: Сотторго негизсиз басым болуудаТүркияда кыргызстандык кыздын шектүү өлүмү иликтенетОрусияда жашап жаткан Эдвард Сноуден уулдуу болдуОрусия беткаптарды импорттоого тыюу салдыБишкекте «Мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшү» өттү (видео)Референдумга 13 үгүт тобу катталдыДиний чөйрөдөгү бир жылдык абал