Баткендеги жер титирөөнүн күчү 5 баллды түздү

Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-декабрь күнү саат 16:28де Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү Баткен облусунун Кадамжай шаарында, Пүлгөн, Таш-Кыя айылдарында 5 балл, Көтөрмө, Гайрат айылдарында 4 балл, Кызыл-Кыя шаарында 3,5 баллды түздү.

Ош облусунун Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында 4 балл, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 3,5 баллга чейин сезилди.

Сейсмологдор силкинүүнүн очогу кыргыз-өзбек чек арасында болгонун, күчү 5 баллды түзгөнүн белгилешүүдө.

Баштапкы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.(ZKo)

Дагы караңыз

Советтердин Британиядагы тыңчысы 99 жашында көз жумдуТүркияда кыргызстандык кыздын шектүү өлүмү иликтенетДүйнөлүк басма сөз: Кыргызстан дагы эле Санта Клаустун өлкөсүИран коронавирустун вакцинасын алыш үчүн четтеги резервдерин колдонууга АКШ макул болгонун жарыяладыТашкентте Айтматовго арналган фото көргөзмө ачылдыАнатай Өмүрканов: "Памир" десе мага "Талас" дегендей эле угулатИлипов: Байыркы кыргыздарды тартканды жактырамОрусияда "Спутник V" вакцинасы менен улгайгандарды эмдөөгө уруксат берилдиTүркияга коронавирус тестинен өтпөгөн чет өлкөлүктөр кире албайтОш ОИИБнин башчысы Малик Нурдинов кызматтан кетүү үчүн арыз жаздыЫйсанын туулган күнү майрамын өткөрүүгө коронавирустун кедергиси сезилди