Тарыхчы Соколов аспирантын өлтүргөнү үчүн 12,5 жылга кесилди

Олег Соколов.

Санкт-Петербургдун Октябрь райондук соту киши өлтүрүү үчүн шек саналган тарыхчы Олег Соколовду 12,5 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кести.

Санкт-Петербург университетинин мурдагы доценти Соколов өзү менен чогуу жашаган аспиранты Анастасия Ещенкону өлтүргөн жана мыйзамсыз курал-жарак сактаган деп табылды. Прокуратура мурдагы окумуштууну 15 жылга эркинен ажыратууну суранган. Соттук жараяндын жүрүшүндө Соколов кылмышты жарым-жартылай моюнуна алган.

63 жаштагы Олег Соколов былтыр 7-ноябрда өзүнүн батиринде аспирантын, соңку беш жылдан бери чогуу жашап жүргөн 24 жаштагы Анастасия Ещенкону өлтүрүп, жиликтеп салганы белгилүү болгон. Ал маркумдун эки колун баштыкка салып сууга ыргытып жатканда кармалган. Анын үйүн тинткенде Ещенконун денесинин дагы башка мүчөлөрү табылган.

Соколов Орусиядагы тарыхый окуяларды кайталап көрсөтүп, чагылдырып берүү кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бир катары таанымал. Айрыкча Наполеондун тушундагы согуштарды чагылдыруу иш-чараларына жигердүү катышкан жана бул тарыхый инсандын кийимин кийип, жүргөн-турганын туурап, анын образында эл алдына чыкканды жакшы көргөнү менен белгилүү болгон.

Дагы караңыз

Орусиянын Федерациялар Кеңеши «чет элдик агент» жөнүндө мыйзамды жактырдыЖанданган Миң-КушМандатка такалган саясий тирешМурдагы мэр Кубанычбек Кулматовго салынган айыппул азайтылды«Азаттыктын» журналисттери шайлоо боюнча акыл таймашта жеңүүчү болушту