Финансы полициясынын Ош шаардык башкармалыгы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлерине карата «Достук» бажы постунан товарларды аткезчилик менен алып өтүү, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иши козголду.
Аныкталган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.
Азыркы тапта аткезчилердин кызыкчылыгын колдогон бажы кызматкерлеринин кылмышка катышы иликтенип, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп жатканын Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады. (BCh)
Дагы караңыз
Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча соттук териштирүү уланатБалдар менен жаштарды өнүктүрүүдө башкаруу органдарынын ролу талкууланат «Азаттыктын» журналисттери шайлоо боюнча акыл таймашта жеңүүчү болушту Референдум: Жалпы он үгүт тобу каттоодон өттүИран коронавирустун вакцинасын алыш үчүн четтеги резервдерин колдонууга АКШ макул болгонун жарыялады